Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдар топтомуна кол коюлду

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдар топтомуна кол коюлду
13-Авг. 2019, Шейшемби, 17:54

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдар топтомуна кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта президенттик аппараттан билдиришти.

Кабыл алынган мыйзамдар шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган жана төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт:

  1. «КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамына;
  2. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө «Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга;
  3. «КРнын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзамдар Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2018-жылдын 13-августундагы VII жыйналышында кабыл алынган 2018-2020-жылдарга Кыргызстандын шайлоо боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясында каралган милдеттерди ишке ашыруу максатында жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты.

Кабыл алынган Мыйзамдарда төмөндөгүлөр каралган:

1) Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбестиги жөнүндө ченем;

2) Жарандардын шайлоо процесске инклюзивдүүлүгүн (тартылуусун) жакшыртуу боюнча чаралар:

— Мамлекеттик порталы, шайлоочулардын алдын-ала, контролдук жана биротоло тизмелери түшүнүктөрүн конкреттештирүү;

— Шайлоочулардын тизмесинде маалыматтарын тактоо же өзгөртүү, шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө шайлоочулар тарабынан «шайлоочунун кабинети» сервис аркылуу авторизациядан өтүү жолу менен арыз менен кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;

3) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу:

— «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочу» түшүнүгү менен толуктоо;

— Добуш берүү жайы бул имаратка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга тоскоолдуксуз кирүү, анда добуш берүү үчүн шарттар, анын ичинде ыңгайлуу араба жана жөө жүрүү жолдору, жеке авто унааны токтотуу үчүн атайын орундар, добуш берүү жайын биринчи кабаттарга жайгаштыруу же лифттердин болуусу, эшиктердин кең болуусу, пандустардын болуусу (эгерде пандус коюуга мүмкүнчүлүк болбосо, жардам чакыруу кнопкасын орнотуу), төшөмө, сезимтал көрсөткүчтөр, жарыктын жетиштүүлүгү камсыз кылынышы;

— Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ыңгайлаштырылган маалыматтык материалдарга, стенддерге, үгүт материалдарга карата төмөнкүдөй талаптар коюлат: аудио-видео форматта (санариптик алып жүрүүчүлөр), сурдо-котормолор, субтитрлер, Брайль ариби.

— Талапкерлер, саясий партиялар үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын 1 пайызынан кем эмес бөлүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн үгүт материалдарын жарыялоо боюнча талап киргизилет;

4) Президенттикке талапкерлерди жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөтүүнүн жана каттоонун тартиби;

5) Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорун өткөрүүнүн бирдиктүү күндөрүн орнотуу (апрель жана ноябрь айлары);

6) Шайлоо дайындалган датага 6 ай калганга чейин катталган саясий партияларга шайлоого катышууга чектөө киргизүү;

7) Шайлоо өнөктүгүн каржылоону контролдоо жана ачыктыгы боюнча ченемдер;

8) Шайлоодогу талаш-тартыштар менен байланышкан ченемдер;

9) Аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарына 30 пайыздык резерв жана резервделген мандаттарды бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону киргизүү негизинде гендерлик теңдикти камсыз кылуу;

10) Депутаттык кызматын билим берүү жана саламаттык сактоо мамлекеттик жана муниципалдык мекемесинин жетекчиси кызматы менен айкалыштыруу укугун берүү;

11) Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, же белгиленген тартипте жоюлбаган кыргыз жарандары, ошондой эле соттуулугу жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандары шаардын мэри жана айыл өкмөттүн башчысы кызматын ээлегенге тыюу салуу;

12) Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жергиликтүү кеңештин сессиясына жүйөлүү себептерсиз системалуу түрдө келбегендиктери үчүн жоопкерчиликти тактоо. Аны менен жергиликтүү кеңештин депутаты кеңештин сессияларында жүйөлүү себептерсиз бир жыл ичинде төрт жолудан ашык жок болгондугу үчүн анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу маселени көтөрүү укугун жергиликтүү кеңешке берүү;

13) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо, шайлоо тартибин өркүндөтүү жана башка.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты