​Бишкектеги мүрзөнүн аймагында өрт чыкты

​Бишкектеги мүрзөнүн аймагында өрт чыкты
14-Авг. 2019, Шаршемби, 17:53

Бишкек шаарында Якутск көчөсүндө жайгашкан мүрзөнүн аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү саат 15:55де келип түшкөн.

"Якутск көчөсүндөгү мүрзөнүн аймагында куураган чөптөн чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет", - дешти ӨКМ кызматынан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР