Өкмөт кен иштетүү объекттеринде экологиялык талаптарды сактоо маселесин көзөмөлдөйт

Өкмөт кен иштетүү объекттеринде экологиялык талаптарды сактоо маселесин көзөмөлдөйт
15-Авг. 2019, Бейшемби, 09:50

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын алкагында «Вертекс Голд Компани» тоо-кен компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Вертекс Голд Компани» компаниясы 2011-жылдан бери Чаткал районундагы Жамгыр алтын кенин иштетип келет.

Өкмөт башчыга 300 000 тонна кен иштеткен кубаттуулуктагы алтын чыгаруучу фабриканы куруу пландары тууралуу маалымдалды.

Ишкананын башкы директору Николай Ермошкин билдиргендей, бүгүнкү күнү кенди лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн жана техникалык регламент иштелип чыккан. Фабрикадан тышкары вахталык айыл, административдик-тиричилик комплекси жана башка объекттер курулат.

Баса белгиленгендей, калдыктарды сактоочу жай ишенимдүү жана коопсуз болушу үчүн алдынкы технологияларга ылайык курулат. Мында кургак сактоо ыкмасы колдонулмакчы.

Өкмөт башчы Жамгыр кениндеги компаниянын бардык өндүрүштүк пландарын толук кандуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз аймактарды өнүктүрүү саясатын жүзөгө ашырып жатабыз жана бул иште өндүрүштүк потенциалы бар алыскы райондорго артыкчылык берилет. Албетте, бардык экологиялык талаптарды сактоого өзгөчө көңүл бурабыз. Бул маселени Өкмөт өзгөчө көзөмөлдө кармайт жана коопсуздук ченемдерин кынтыксыз аткарууну талап кылат», – деди ал.


Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бардык коопсуздук талаптарынын аткарылышын талап кылуу менен бирге инвесторлорго зарыл көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда кенде фабрика курулуучу аянтта бардык инженердик-геологиялык издөө иштери жасалып, жергиликтүү элдин катышуусунда коомдук угуулар өткөрүлдү.

Азыркы тапта ишканада 500дөн ашуун адам иштейт, анын ичинде Чаткал районунун жашоочулары бар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Өкмөт жарандарга жылына 10 пайыздык насыя берүүнү пландоодо
Өкмөт жарандарга жылына 10 пайыздык насыя берүүнү пландоодо
15-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
15-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Кыргызстан 2020-жылы депутаттарды шайлоого 1.2 млрд сом коротот
Кыргызстан 2020-жылы депутаттарды шайлоого 1.2 млрд сом коротот
Аялдарды ирээнжиткен эркектердин сапаттары кандай?
Аялдарды ирээнжиткен эркектердин сапаттары кандай?
Эски “iPhone”ду жаңы “iPhone 11 Pro”го алмаштырууну ойлоп табышты
Эски “iPhone”ду жаңы “iPhone 11 Pro”го алмаштырууну ойлоп табышты
Атамбаев Батукаевдин иши боюнча сотко келүүдөн дагы баш тартты
Атамбаев Батукаевдин иши боюнча сотко келүүдөн дагы баш тартты
 Мигранттар Кыргызстанга 1 млрд 570 млн доллар которду
Мигранттар Кыргызстанга 1 млрд 570 млн доллар которду
Кыргызстандагы жашоо минимуму 4 839 сомду түздү
Кыргызстандагы жашоо минимуму 4 839 сомду түздү
Куткаруучу вертолеттон 77 жаштагы аял кулап түштү (видео)
Куткаруучу вертолеттон 77 жаштагы аял кулап түштү (видео)
5 күндүк алма диетасы аркылуу 7 килограммга арыктаңыз!
5 күндүк алма диетасы аркылуу 7 килограммга арыктаңыз!
Президент Сооронбай Жээнбеков Бакуга учуп кетти
Президент Сооронбай Жээнбеков Бакуга учуп кетти
Ак-Талаа районунун акими болуп Сейтек Кулубаев дайындалды
Ак-Талаа районунун акими болуп Сейтек Кулубаев дайындалды
Премьер-министрдин өмүрүнө коркунуч туулду
Премьер-министрдин өмүрүнө коркунуч туулду
Коррупция боюнча соттолгон Жусубалиевдин жаза мөөнөтү эки жылга кыскарды
Коррупция боюнча соттолгон Жусубалиевдин жаза мөөнөтү эки жылга кыскарды
ЕРӨБ: Жыл соңунда Кыргызстанда ИДӨ 4 пайызды түзөт
ЕРӨБ: Жыл соңунда Кыргызстанда ИДӨ 4 пайызды түзөт
Сулуулукту сактап калуунун сырлары
Сулуулукту сактап калуунун сырлары