Жээнбеков: «Манас айылы» борбор калаанын маданий дөөлөтү боло алат

Жээнбеков: «Манас айылы» борбор калаанын маданий дөөлөтү боло алат
16-Авг. 2019, Жума, 16:26

Бүгүн, 16-августта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышты.

Президенттик аппарат маалымдагандай, комплекске барганда, президент туура башкаруу жана каражаттарды тартууда «Манас айылы» Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло алаарына ишенимин билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Манас айылын» жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирди.

Ал «Манас айылы» Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын белгиледи.

Президент «Манас айылын» министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоду.

Комплексти реконструкция кылуу учурунда, президент мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин активдүү колдонууга чакырды жана ошондой эле аны реконструкция кылуу жана этно-шаарча куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Ал баса белгилегендей, бул жер борбор калаанын тургундары жана конокторунун, чет элдик туристтердин эс алуу жайы болушу керек.

Белгилей кетсек, 1998-жылы комплекс Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан «Бишкек» Эркин экономикалык аймактын башкы дирекциясынын балансына өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө «Манас айылы» комплексинин абалы начар.

Комплексти куруу иштери 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
 Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды