Балдарына документ албаган ата-энелерге салынган айыппулду алып салуу сунушталды

Балдарына документ албаган ата-энелерге салынган айыппулду алып салуу сунушталды
17-Авг. 2019, Ишемби, 11:42

Өкмөт Калкты документтештирүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда. Анын алкагында 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарандар балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул кампанияны ишке ашыруу деталдары вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тарабынан өткөрүлгөн жыйында талкууланды.

Ал эске салгандай, учурда 1200дөй баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Анын айтымында, Өкмөт тарабынан БУУ Балдар фонду менен биргеликте пландаштырылган бул кампаниянын максаты – өлкөдө «көрүнбөгөн», документсиз балдардын болушуна жол бербөө болуп саналат.

«Балдарга документ берүү темасы дагы бир маанилүү маселени алып чыгат. Көпчүлүк учурда ата-энелердин өздөрүнүн документтери же паспорттору жок, демек алар балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышпайт. КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 275-беренеси «Баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөттөрүн бузуу» бар жана бул мөөнөттү бузуу үчүн эскертүү берилип же 1000 сом өлчөмүндө айып салынат. Айрым ата-энелер айыппул үчүн балдарына документ алууну создуктурушат, бул өз кезегинде балдар үчүн бир катар көйгөйлөрдү алып келет», – деди вице-премьер-министр.

Өмүрбекова Юстиция министрлигине 275-беренени Бузуулар жөнүндө кодексинен алып салуу мүмкүндүгүн кароону сунуштады. Анткени ата-энелер балдарын бала бакчаларга орноштуруу, жөлөкпул алуу үчүн документ алууга кызыкдар.

Ошону менен бирге Саламаттык сактоо министрлигине төрөт үйлөрүнө кош бойлуу аял документи жок түшсө, ал тууралуу маалыматты базадан табуу жана ыкчам түрдө балага документтерди даярдоо үчүн тиешелүү органдарга маалымат берүү тапшырылды. Бул үчүн «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун колдонууга болот.

Кеңешмеде билдирилгендей, жакын арада ведомстволор аралык мобилдик топ балдарга документ берүү иштерин жүргүзүшөт.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өмүрбекова белгилегендей, Калкты документтештирүү боюнча улуттук кампаниянын алкагында активдүү иштерди аткаруу керек.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери балдарга документтерди жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жана айып салуусуз алууга болору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
 Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды