Өкмөт жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну колдойт

Өкмөт жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну колдойт
19-Авг. 2019, Дүйшөмбү, 15:04

Өкмөт Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргызстандын нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун жыйынында билдирдигенин өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Вице-премьер-министр Кыргызстандын жарандарынын көптөгөн кайрылууларынын негизинде өзгөртүүгө сунушталып жатканын белгиледи.

«Бизге коомчулуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, айдоочулардан айып пулдардын бир нечесин азайтуу боюнча жетишээрлик кайрылуулар келип түштү. Биздин жумуш топ келип түшкөн сунуштардын негизинде эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болду», – деди Разаков.

Белгилей кетсек, Жол кыймылын төмөнкү категориялары боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу сунушталууда: Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы; жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы (кууп келип, ашып кетүү же каршы тилкеге чыгып манёвр жасоо сындуу эрежелерди бузуу фактыларын кошпогондо); унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу; коопсуздук дистанциясын жана аралыкты сактабай, автомагистралдар боюнча жол эрежелерин бузуу; светофордон уруксат берилбеген учурда стоп-сызыгынын алдына токтоо, көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн Жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү; ашып өтүү боюнча эрежени бузуу; сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Нурмат Садыровдун катталуучулары 1 миллионго жетти
Ырчы Нурмат Садыровдун катталуучулары 1 миллионго жетти
Шектүүлөр аэропорттон каза болгон ишкердин акчасын кантип уурдашкан? (видео)
Шектүүлөр аэропорттон каза болгон ишкердин акчасын кантип уурдашкан? (видео)
 «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» деп аталган конференция өтөт
«Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» деп аталган конференция өтөт
 Талас-Тараз автожолундагы көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлүнөт
Талас-Тараз автожолундагы көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлүнөт
 Россия-кыргыз өнүгүү фонду насыя берүүнү эки эсе көбөйттү
Россия-кыргыз өнүгүү фонду насыя берүүнү эки эсе көбөйттү
Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
Ватсапта кандай өзгөрүүлөр болот?
Ватсапта кандай өзгөрүүлөр болот?
Казакстандын президентинин иш сапарында бизнес форум өткөрүлөт
Казакстандын президентинин иш сапарында бизнес форум өткөрүлөт
“Жүрөгүмдү ээледиң” клибин аз убакытта эң көп көрүүчү көрдү (видео)
“Жүрөгүмдү ээледиң” клибин аз убакытта эң көп көрүүчү көрдү (видео)
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү