Аялды сүзүп өлтүргөн айдоочу изделүүдө

Аялды сүзүп өлтүргөн айдоочу изделүүдө
17-Май 2017, Шаршемби

Сокулук районунда жеңил унаа 30-35 жаштар чамасындагы аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти. Бул тууралуу Чүй облустук патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 17-майга караган түнү Бишкек-Күнтуу жолунда болгон. Кырсыкка кабылган “Субару Форестер” (мамномур Е 0523 D) автоунаасынын айдоочусу жабырлануучуга биринчи медициналык жардамды көрсөтпөй, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон

“Оперативдүү иликтөө тобу авто кырсык болжол менен саат 01:30 чамасында болгондугун жана «Субару Форестердин» айдоочусу Күнтуу айылынын 24 жаштагы И.И. экендигин аныкташты. Анын атасы милиция кызматкерлерине аталган автоунааны берди. Азыркы тапта унаа Шопоков шаарындагы айып пул төлөөчү жайга токтотулду. Ал эми кылмышка шектүүнүн кайда жүргөндүгү азырынча тактала элек. Ошондой эле каза болгон аялдын сөөгү Сокулук райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилген. Учурда бул окуяга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Жээнбеков
Жээнбеков "Астра Солар Технолоджис” ишканасында болду
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Жаӊыл Мамбеталы  Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Жаӊыл Мамбеталы Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
 Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
"Человек на Луне" фильминин акыркы трейлери (видео)