Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты

 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
23-Авг. 2019, Жума, 15:21

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Ак-Тилек автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын унаа каражаттарын салмактык көзөмөлдөө динамикалык тутумун орнотуунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр коюлган жабдууларды, фото жана видеобайкоо камераларын көрүп чыкты. Ошондой эле унаа көзөмөлдөө жана товарларды каттоо жайынын иши менен таанышты.

Разаков тиешелүү мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттүн ичинде постто салмак көзөмөлдөө тутумун толук ишке киргизүүнү тапшырды.

«Автоматташтырылган салмак көзөмөлдөөчү тутумдун динамикалык системасынын биз үчүн мааниси чоң. Кыймылдагы тарнспорт каражаттарын таразалоого жана көрсөтүлгөн салмактан ашкан унааларды аныктоого шарт түзөт. Система толук кандуу иштеп кетиши керек жана борбордук серверге кошумча маалыматтарды жиберип турушу зарыл. Бул ЕАЭБдин аймагынан товарды, жүктү ташуу, алып өтүү процессин толук башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Системанын алкагында 10 министрлик өз ара аракеттенишээрин эске алуу менен, иштин тийиштүү регламенти бекитилиши керек», – деди ал.

Вице-премьер-министр ошондой эле товарды каттоонун стационардык-сервистик пунктунун курулушу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо ишин жана буга байланыштуу каражат бөлүү маселесин тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле бул автоматташтырылган системаны Транспорт жана жолдор министрлиги өкмөткө караштуу Салык кызматынын базасы менен бириктирүү тапшырылды.

Тутум менен таанышуу маалында кимдир бирөөлөр тарабынан буга чейин коюлган электрондук табло, металл тосмо талкаланганы, камераларды бүлүндүрүү аракети болгону белгиленди. Учурда бул фактыны текшерүү иши жүрүүдө.

«Автожолдун ушул тилкесиндеги жабдууларын кайтарууну камсыздоо жана жол кыймылынын эрежелери сактоо керек», – деди Разаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!