«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады

«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
24-Авг. 2019, Ишемби, 10:36

Кыргызстандын мобилдик байланыш рыногуна «Salam» жаңы соода маркасы чыкты. Бул тууралуу «Кыргыз телеком» ишканасы билдирди.

«КТ Мобайл» компаниясы «Альфа Телеком» (Мегаком) менен кызматташтыкта «Salam» жаңы соода маркасы алдындагы байланыш кызматтарын ишке киргизип жатат.

«Salam» сим-карталарын «Мегакомдун» тейлөө борборлоруна сатып алса болот. Бул оператор абоненттерге «Старт 58», «Старт 108» жана «Старт 208» кызмат көрсөтүү пакеттери бар «Старт» тарифтик планынын мүмкүнчүлүгүн баалап көрүүнү сунуштап жатат.


«Кыргызтелекомго” караштуу «КТ Мобайл» компаниясы 2003-жылы негизделген. Компанияны ишке киргизүү үчүн өткөн жылдын 3-ноябрында аукцион жарыяланып, «Мегаком” бренди менен таанымал «Альфа Телеком» жабык акционердик коому утуп чыккан.

«КТ Мобайл» компаниясы GSM стандартындагы жыштыкты пайдаланууга лицензиясын алган. Бирок эки компаниянын ортосунда пикир келишпестик жаралып, иш токтоп калган. Келишимге ылайык, «Мегаком» компаниясы 345 млн. сом төлөп берип, компаниянын иши жанданмак. Иштин создукканына «КТ Мобайл» өз алдынча уюк оператор болууну көздөп жатканы себеп болгон.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-майда эки компаниянын ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөргөн. Жолугушуунун жыйынтыгында «Мегаком» «КТ Мобайл» менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантуу боюнча макулдашылган. Бул үчүн «Мегаком» өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот.

Депутат Жанар Акаев «КТ Мобайл» компаниясынын артында ким турарын иликтеп жана ал компанияда иштеген кызматкерлердин айлык маянасы боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштаган.

Анткени, бул компаниянын директорунун орун басары кызматында премьер-министрдин бажасынын баласы отурганы, бажасы Иманкадыр Рысалиев да аралашканы коомчулукта айтыла баштаган. «КТ Мобайлдын» ишин иликтеген депутаттык комиссия өз корутундусун чыгарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!