ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты

 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
24-Авг. 2019, Ишемби, 11:11

Кечээ, 23-августа сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 7-8 августтагы окуялар боюнча Валентин Богатырев жана Адиль Турдукулов күбө катарында чакырылды.

ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, алар күбө катарында суракка чакырылып, тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат беришти.

"ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык уюштурууга катышуу жана барымтага алуу фактылары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин "барымтага алуу" жана "массалык баш аламандыктар" менен сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүргүзүлүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын мыйзамдарына ылайык 7-8 августундагы окуялар боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!