Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт

Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
24-Авг. 2019, Ишемби, 11:59

Борбор калаада Москванын күндөрү аттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу муниципалитет маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чаранын максаты эки борбор калаанын достук мамилесин чыңдоого багыталып, Москванын өкмөтү тарабынан уюштурулат. Эки тарап соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданият жаатындагы маселелерди талкуулап, эки тараптын өкүлдөрүнөн куралган комиссиянын биринчи жыйыны уюштурулат.

Иш-чара 12-14-сентябрь аралыгында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!