Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
24-Авг. 2019, Ишемби, 14:08

Коопсуздук кеңештин катчылыгы антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында жана президенттин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында коррупциялык коркунучтарды иликтөөгө киришти. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңештин катчылыгы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу аймактык органдарында жүргүзүлгөн мониторинг жана абалды анализдөөнүн негизинде Кыргызстандын бардык облустары жана Бишкек, Ош шаарлары үчүн антикоррупциялык пландарды иштеп чыгууну пландаштырууда.

Учурда Коопсуздук кеңештин катчылыгынын эксперттери Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердигинин анализин жүргүзүп жатышат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!