Атамбаев УКМК жетекчисин кабыл алды

Атамбаев УКМК жетекчисин кабыл алды
18-Май 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда башкы чекист өлкө башчысына өлкөдөгү оперативдик абал жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле ал терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүүнү өркүндөтүү чаралары жана террордук багыттагы кылмыштарды алдын алуу иштерин күчөтүү тууралуу да айтып берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!