Кара-Кулжада суу каптоо коркунучу пайда болду

18-Май 2017, Бейшемби

Кара-Кулжа дарыясынын деңгээли көтөрүлүп суу тосмосун жарып кетүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыатка ылайык, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагында 17-май күнү Кара-Кулжа дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада 1-Май айылынынын Булбул чегинде 2011-жылы “Империя групп” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган 740 метр коргоочу дамбанын 50 метр аралыгы бузулган. Дамбаны жырып кетүү коркунучу пайда болгон.

Жээкти бекемдөөгө ӨКМнин бул аймактагы борборунан 1 эксковатор, 5 самосвал, Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын 1 жүктөгүч тартылган.

«Кечээ, 17-майда ӨКМ жана ЖК комиссиясы тарабынан комиссия жерине барып, тактоо иштери жүргүзүлгөн. Калыбына келтирүү иштерине ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түштүк борборунан тартылган техникалар тарабынан 5 каттам тоо таштары ташылган»,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!