Каракол мыкты курорттордун сап башында

18-Май 2017, Бейшемби

КМШ мамлекттеринин ичиндеги 2017-жылдагы белгилүү 5 курорт аныкталды. Алар Кыргызстан, Азербайджан, Армения, Казакстан жана Өзбекстанда жайгашкан курорттор. Бул тууралуу «ТурСат» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган курорттор 2017-жылда эс алуучулар үчүн КМШ мамлекеттеринин ичинен алдыңкы сапты ээлеген.

Россиялык туристтер беш белгилүү курортторго эс алышаары маалым болгон. Анда Чимбулак (Казакстан), Шахдаг (Азербайжан), Цахкадзор (Армения), Чимган (Өзбекстан) жана Каракол (Кыргызстан) турат.

Эс алуучулар тоо туризмге басым жасагандыктан рейтинг онлайн түрүндө аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!