Бүгүн «Ала-Тоо жазы – 2017» фестивалы болот

18-Май 2017, Бейшемби

Бүгүн 18-майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында студенттердин «Ала-Тоо жазы – 2017» республикалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган фестиваль 2017-жыл президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жарыяланган ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлүүдө.

«Ала-Тоо жазы – 2017» фестивалынын негизги максаты өлкөдөгү тарых, маданият, искусство жана кадаа-салттарды жайылтуу, студенттер арасында достук мамилени чыңдоо, жаш таланттарды аныктоо жана аларды өстүрүү болуп саналат.

Фестивалга республиканын бардык аймактарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алат.

Фестивалдын тандоо туру 2017 жылдын 12-13-майында К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтүп, финалдык бөлүгү 16-17 май күндөрү Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөрүлүүдө.

Жыл сайын өтүүчү «Ала-Тоо жазы — 2017» фестивалында студенттер төмөнкү жанрлар боюнча өнөрлөрүн сынашат:

1. Журналистика жанры

2. Фольклордук жанр

3. Хореографиялык жанр

4. Театралдык жанр

5. Эстрада жанры

6. Кол өнөрчүлүк жанры

Фестивалдын алкагында катышуучулардын колунан жасалган буюм-тайымдардын көргөзмөсү өтөт.

Фестивалдын жеңүүчүлөрү менен лауреаттарына 18-май күнү Т.Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук филармонияда өтөт турган гала концерт учурунда дипломдор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

«Ала-Тоо жазы – 2017» фестивалынын байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!