Капчык уурдай качкан жигит кармалды

18-Май 2017, Бейшемби

Уурлукка шектелип 20 жаштагы жигит милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. 14-май күнү Ош базарында жайгашкан соода борборунан белгисиз адам арыздануучунун капчыгын уурдап кеткен. Капчыктын ичинде 12 300 сом, айдоочулук күбөлүк, банк карточкасы болгон.

«Ленин РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү катары А.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «уурулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!