Кызды уурдай качкан аял кармалды

18-Май 2017, Бейшемби

Чолпон-Ата шаарында 2 жаштагы кызды көтөрүп кеткен аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 17-майда болжол менен саат 20:30 чамасында болгон. «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында Бишкектен келген жаш үй-бүлө төрт баласы менен эс алып жатышкан. Бирок, 37 жаштагы белгисиз аял аталган үй-бүлөнүн кызын көтөрүп кеткен. Кызын таппай калган ата-эне дароо милицияга кайрылган.

«Түнү менен милиция кызматкерлери 2 жаштагы наристени көтөрүп кеткен аялды издеп таап, аны милиция бөлүмүнө алып келишкен. Кармалган аялдын айтымында, наристе караңгыда ыйлап жаткандыктан үйүнө алып барып, кайра эртең менен алып келейин деген. Учурда наристе ата-энесине өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта аял кармалып, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!