Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт
9-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 14:25

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жумуш сапары учурунда билдирилди.

Бул имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды. Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр.

Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар билим алууда.

Учурда жалпы Нарын облусу боюнча 18 объекттин курулуш иши жүрүүдө, анын ичинде Ат-Башы районунда 2 бала бакча, Ак-Талаа районунда – эки мектеп жана бир кошумча курулуш, Жумгал районунда үч мектеп жана 1 кошумча курулуш, Кочкор районунда – төрт мектеп, 2 кошумча корпус, 2 спорт зал, Нарын районунда спорт залдын курулушу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы соцалдык тармакта кызуу талкууланып, активисттер мектепти ашар жолу менен куруу демилгесин көтөрүп чыгышкан болчу. Бул демилге үчүн өкмөт активисттерге ыраазычылык билдирип, аталган айылда орто мектеп куруу маселерин чечилерин убада кылган. Ошондой эле орто мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш-кагаздары даяр жана 2020-жылдын планына киргизилгенин айткан эле.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды
Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды
Акчага сатып алган аянттан кенч табылды
Акчага сатып алган аянттан кенч табылды
Абылгазиев:  Сырттан акча алганды кыскартуу керек
Абылгазиев: Сырттан акча алганды кыскартуу керек
9 айлык бала баңгизаттан көз жумду
9 айлык бала баңгизаттан көз жумду
Айсулуу Тыныбекова өзгөчө видеосун бөлүштү
Айсулуу Тыныбекова өзгөчө видеосун бөлүштү
Ичтеги майлар билинбеш үчүн кандай кийинүү керек?
Ичтеги майлар билинбеш үчүн кандай кийинүү керек?
Айпери Кубик кызы макияжы жок сүрөтүн көрсөттү
Айпери Кубик кызы макияжы жок сүрөтүн көрсөттү
Назира Айтбекова: Энесине таарынгыла, бирок балаңардан кол үзбөгүлө
Назира Айтбекова: Энесине таарынгыла, бирок балаңардан кол үзбөгүлө
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын жаңы дуэти хит болобу? (видео)
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын жаңы дуэти хит болобу? (видео)
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 14,5 тоннадан ашык лимон кармалды
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 14,5 тоннадан ашык лимон кармалды
Кыргызстанда кыска метраждуу тасмалардын фестивалы өтөт
Кыргызстанда кыска метраждуу тасмалардын фестивалы өтөт
Бектемир Мамаюсупов: “Мекенди” 24-январдан баштап көрсөңүз болот (видео)
Бектемир Мамаюсупов: “Мекенди” 24-январдан баштап көрсөңүз болот (видео)
Гонконгдо жүз миңдеген эл көчөгө чыкты
Гонконгдо жүз миңдеген эл көчөгө чыкты
Чач кургатуунун сырлары
Чач кургатуунун сырлары
Хабиб Нурмагомедов атындагы спорт клубу ачылат
Хабиб Нурмагомедов атындагы спорт клубу ачылат
Ошто токко урунган аскер кызматкери каза болду
Ошто токко урунган аскер кызматкери каза болду