Абылгазиев ИИМге өз катарын карасанатай кызматкерлерден тазалоону тапшырды

Абылгазиев ИИМге өз катарын карасанатай кызматкерлерден тазалоону тапшырды
9-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 15:26

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы кеңешменин жүрүшүндө акыркы учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда болуп өткөн, коомдук кызуу талкууну жараткан жана жарандардын адилеттүү сын-пикирлерине кабылган окуяларга байланыштуу тынчсыздануу билдирди.

«Милицияны реформалоо пландары көп жылдардан бери ишке ашпай келет. Кадыр-баркынын төмөндүгү жана укук коргоо органдарын башкаруудагы белгилүү бир кризис Ички иштер министрлигинин жетекчилигине милицияны реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө дем бериши керек. Бүгүн коом да, мамлекет да милициянын жүрөк өйүткөн маселелерин токтоосуз чечүү зарылдыгы тууралуу бирдиктүү пикирде турат. Мамлекет милицияны каржылоону жана техникалык жабдууну жакшыртууга, жаңы инновациялык чечимдерди киргизүүгө аракеттенүүдө. Бирок милицияга карата жарандардын ишенимин кайтаруу жана бүгүнкү жагдайды жөнгө салуу үчүн укук коргоо органдары көп иштерди аткарууга тийиш. Коомдук жайларда кылмыштарды ачыктоонун заманбап технологиялары киргизилүүдө. Алар өз натыйжалуулугун көрсөтүп, кылмыштардын алдын алууга жана бетин ачууга көмөк көрсөтө баштады. Жарандар Өкмөттүн күч-аракеттерин колдоп, жолдордо, көчөлөрдө жана короолордо тартип болгонун каалашат. Видеобайкоо камераларынын жардамы менен көптөгөн кылмыштар аныкталып жатканын биз көрүп жатабыз. Мындай шарттар милициянын катарында карасанатай жана кесипкөй эмес, кыянаттык менен пайдаланган жана кылмыштарды жаап-жашырган айрым адистердин болушун чектейт. Алар реформаны илгерилетүүгө тоскоол болушууда, аларга карата эң катуу чаралар көрүлүшү керек», – деп баса белгиледи Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, ИИМ шашылыш түрдө уюштуруу жана кадрдык жаңы киргизүүлөрдү кабыл алып, өз катарын милициянын беделин бузган, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керек.

Абылгазиевдин айтымында, укук коргоо тутумунда кызматкерлерди ак ниет жана чынчыл иштөөгө, мыйзамды карманууга жана адам укуктарын катуу сактоого дем берген чечимдерди иштеп чыгуу зарыл.

Белгилей кетсек, 28-августта Бишкек шаардындагы Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында кыргыз жарандары К.Сеитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиевдер катуу токмоктолгон. Бул мушташта жабыр тарткандардын жакындары 5-сентябрда нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну тартип сактоо органдарынан талап кылышкан. Алар шектүүлөрдү милиция атайылап бошотуп жибергенин белгилеп, тиешелүү кызматкерлерди жоопкерчилигин кароо керектигин айтып чыккан. Кийин эки жигитти катуу сабаган адамдарды жашырган деген шек менен Ички иштер министрлигинин эки кызматкери кармалып, алар 8-сентябрь күнү Биринчи май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү
УКМК: Ош шаарынын тургуну джихаддык идеологиядан ​баш тартты
УКМК: Ош шаарынын тургуну джихаддык идеологиядан ​баш тартты
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,5 млрд долларга жетти
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,5 млрд долларга жетти
​75 жаштагы фитнес жылдызы интернетти жарды (видео)
​75 жаштагы фитнес жылдызы интернетти жарды (видео)
Кайсы табигый дарылар рак оорусун күчөтөт?
Кайсы табигый дарылар рак оорусун күчөтөт?
Президент жаңы мыйзамга кол койду
Президент жаңы мыйзамга кол койду
​“Интер” клубунун машыктыруучусу ок салынган, тоголок кат алды
​“Интер” клубунун машыктыруучусу ок салынган, тоголок кат алды
Тогуз айда Кыргызстанда 15 мектеп курулду
Тогуз айда Кыргызстанда 15 мектеп курулду
Жанар Акаев мыйзам долбоорлорун талкуулоону өзгөртүү тууралуу сунуш киргизди
Жанар Акаев мыйзам долбоорлорун талкуулоону өзгөртүү тууралуу сунуш киргизди
​Ошто өз жанын кыйган аскер кызматкеринин сөөгү табылды
​Ошто өз жанын кыйган аскер кызматкеринин сөөгү табылды