Бишкекте үрөй учурган кырсык катталды

Бишкекте үрөй учурган кырсык катталды
9-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 18:17

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө "Skoda Octavia" үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам кырсык болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, болжол менен саат 14:54төр чамасында болгон. Анда Чыңгыз Айматов проспектиси менен түндүк тарапка бара жаткан жеңил унаа (айдоочусу тактала элек) түштүк тарапка бара жаткан Б.А., аттуу айдоочунун башкаруусундагы №8 автобус менен сүзүшкөн.


Кырсыктан улам жеңил унаадагы 4 эркек бала алган жаракатынан улам каза болгон.Ошондой эле бир кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.

Ал эми автобустун айдоочусу жана жүргүнчүлөрү да жабыркагандыгы маалым болду.

Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат. Каза болгондордун өздүгү жана жабыркагандардын саны такталууда. Чогулган материалдар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Айта кетсек, үрөй учурган кырсык тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлиге саат 15:35те келип түшкөн. Кырсык болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн