Приморск крайына Кыргызстандан куруучу адистер ишке тартылабы?

 Приморск крайына Кыргызстандан куруучу адистер ишке тартылабы?
10-Сен. 2019, Шейшемби, 11:01

Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов Приморск крайынын вице-губернатору Вера Щербина, Приморск крайынын Эл аралык кызматташуу департаментинин жетекчиси Алексей Старичков менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 6-7-сентябрда Жекшенкуловдун Ыраакы Чыгышка болгон иш-сапарынын алкагында өткөн. Жолугушууда Кыргызстан менен Приморск крайынын ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жолдору талкууланган. Приморьеде өндүрүлгөн товар, жыгачтан жасалган буюмдарды, деңиз тамак-аш продуктыларын ташып кирүү, Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын, булгаары, терилерден жасалган буюмдар менен алмашуу, жыгач, айыл чарба продукцияларын иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү маселелер боюнча пикир алмашышкан. Приморск крайынын жетекчилигине КРнын экономикасынын ар кандай чөйрөлөрүндөгү инвестициялык долбоорлордун пакети тапшырылган.

"Келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү боюнча, КРсы менен Приморск крайынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу, эки тараптын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда макулдашуу түзүү тууралуу бир топ документтерге кол коюу келишимине келишти. Приморск крайын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн жана крайда ири инвестициялык долбоорлордун башталышына байланыштуу жумушчу күчтүн жетишсиздигин эске алуу менен, Кыргызстандан тийиштүү квалификациялык адистерди, куруучуларды тартуу боюнча кыргыз тарабынын даярдыгы билдирилди. Ошондой эле Ыраакы Чыгыш Федералдык университетте билим алуу үчүн КРнын жарандарына квоталык орундарды кеңейтүү маселеси да каралды",- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!