Бишкектеги кырсык: он жетиде кыйылган өмүрлөр

Бишкектеги кырсык: он жетиде кыйылган өмүрлөр
10-Сен. 2019, Шейшемби, 12:41

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жеңил автоунаа менен автобус кагышкан жол кырсыгында каза болгон 4 адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан улам 4 эркек адам каза болуп, 7 адам ар кандай жаракат алган. Каза болгондордунн баардыгы 17 жашта болгон. Алар Б.Б., К.А., Ж.Э., А.Б., аттуу жарандар. Ал эми 30 жаштагы 1 эркек адам, 3 аял киши (59 жаштагы Б.Г., 20 жаштагы А.кызы Н., 21 жаштагы Т.Б.) жана 3 жаш кыз (15 жаштагы эки кыз Ж.Н., Э.А., жана 9 жаштагы М.Н.) жабыркаган.

"Куткаруучулар каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген",- деп айтылат маалматта.

Белгилей кетсек, үрөй учурган жол кырсыгы кечээ, 9-сентябрда болжол менен саат 14:54төр чамасында болгон. Анда Чыңгыз Айматов проспектиси менен түндүк тарапка бара жаткан жеңил унаа түштүк тарапка бара жаткан Б.А., аттуу айдоочунун башкаруусундагы №8 автобус менен сүзүшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн