Конушбаев: «Суусамырда беш миң гектар арпа аянты кар алдында калды"

Конушбаев: «Суусамырда беш миң гектар арпа аянты кар алдында калды
10-Сен. 2019, Шейшемби, 13:47

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүндөгү акыркы абал тууралуу кеп кылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Депутаттын айтымында, аталган аймакта 8-9-сентябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланып, 5000 гектар аянттагы дан эгиндери кар алдында калган.

“Жергиликтүү эл райондук администрацияга, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштаган бир катар мекемелерге кайрылып, бирок эч кандай жооп ала алышкан эмес. Көпчүлүк дыйкандар насыя алып, эптеп айдаган эгиндеринен кол жуушту. Анткени, суусамырлыктар табияты катаал аймакта мал чарбачылыгы менен катар арпа эгинин гана эгип, оокат кылышат. Ал эми 5000 гектар жер деген чоң аянт. Буга ылайык, тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү тез арада жеринен кабар алып, кесепеттерди жоюуга аракет көрүшү керек”, – деди Конушбаев.

Кошумчалай кетсек, быйыл Суусамырда 6100 гектар жерге арпа айдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
Ревматизм оорусунун белгилери
Ревматизм оорусунун белгилери
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!