"Ата-Түрк" багында мыйзамсыз салынган үйлөр сүрдүрүлдү (фото)

10-Сен. 2019, Шейшемби, 14:49

Бишкек шаарындагы "Ата-Түрк" сейил багында мыйзамсыз салынган үйлөр, күркөлөр, чарба курулуштары жана темир тосмолор сүрдүрүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул иштер Түштүк магистраль паркын улантып куруу боюнча экинчи этаптагы чогулуштан кийин кабыл алынган.

Бишкек мэриясы жарандарга уруксат берилбеген жерлерге ар кандай курулуштарды жүргүзбөөгө, күркөлөрдү орнотпоого чакырат.

Белгилей кетсек, 4-сентябрда "Ата-Түрк" паркында жайгашкан мыйзамсыз объектилер алынган. Тагыраак айтканда, сейил бактын аймагындагы уруксат кагазы жок сегиз павильон алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР