Кадырбеков: “Кыздар арасында боз үй тигүү боюнча мелдеш өткөрүлөт"

Кадырбеков: “Кыздар арасында боз үй тигүү боюнча мелдеш өткөрүлөт
10-Сен. 2019, Шейшемби, 16:04

Жыл сайын өткөрүлүүчү Улуттук көчмөндөр оюну быйыл алгачкы ирээт Талас жергесинде 15-сентябрда өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков маалымат жыйында билдирди.

Ал маалымдагандай, быйылкы көчмөндөр оюнунда ар бир облустан келген коноктор өзүнүн аймагынын өзгөчөлүгүн тартуулашат:

“Баткен облусу Айгүл гүлү тууралуу, Нарын Таш-Рабат, Ош Сулайман-Тоо сыяктуу өздөрүн тартуулашат. Аны менен бирге, тамак-аш, кийим, боз үй кооздугу боюнча конкурстар уюштурулат. Эркектер жана кыздар арасында боз үй тигүү боюнча мелдеш өткөрүлөт".

Ал эми Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинини директорунун орун басары Канатбек Арпачиев иш-чарада улуттук оюндун 10 түрү көргөзүлүп, спортко тиешелүү баш-аягы 705 киши катыша тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, Көчмөндөрдүн республикалык оюндары быйыл Талас дубанында болоору белгиленген.

Оюндардын алкагында Талас шаарынын ипподромунда спорттук мелдештер жана «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук комплексинде маданий иш-чаралар өткөрүлүп, этнобазар уюштурулат.

Сүрөт. Кабар

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жерар​ Пике  жаракат алды
Жерар​ Пике жаракат алды
Бакиров: Калктын сот органдарына карата ишеними анча эмес
Бакиров: Калктын сот органдарына карата ишеними анча эмес
Абдылда Иманкуловдун майрамдык концертине келиңиз!
Абдылда Иманкуловдун майрамдык концертине келиңиз!
"Жаным ой". Ырчы Омар жаңы клибин сунуштады (видео)
Сот Гүлзат Мамытбековдун мурдакы жолдошун актаган чечим чыгарды
Сот Гүлзат Мамытбековдун мурдакы жолдошун актаган чечим чыгарды
Ырыс Жоомартова: Ойгоноор замат маанайымды көтөрөм
Ырыс Жоомартова: Ойгоноор замат маанайымды көтөрөм
Айпери Кубик кызы: Эркек балдар менен мушташа кеткен да күндөр болгон
Айпери Кубик кызы: Эркек балдар менен мушташа кеткен да күндөр болгон
Коронавирус: Кыргызстан төрт өлкөдөн келген жарандарды карантинге алат
Коронавирус: Кыргызстан төрт өлкөдөн келген жарандарды карантинге алат
27-февраль: көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт
27-февраль: көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт
Кыргызстан бир жылда 12 миң тоннага чейин бал өндүрө алат
Кыргызстан бир жылда 12 миң тоннага чейин бал өндүрө алат
Январда 1,8 млрд сомдук кен казылып алынды
Январда 1,8 млрд сомдук кен казылып алынды
4,54 миллиард адам Интернет колдонот
4,54 миллиард адам Интернет колдонот
Быйыл республикада 1,2 млн гектар жер айдалат
Быйыл республикада 1,2 млн гектар жер айдалат
10 миң пенсионерге «Тулпар» деп аталган карталар берилди
10 миң пенсионерге «Тулпар» деп аталган карталар берилди
​Башка бирөөнүн унаасын ээлеп алган эки жаран кармалды
​Башка бирөөнүн унаасын ээлеп алган эки жаран кармалды
Бала жыгылган учурда тынчтыкты сактаңыз!
Бала жыгылган учурда тынчтыкты сактаңыз!