Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңештин төрайымын кабыл алды

Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңештин төрайымын  кабыл алды
10-Сен. 2019, Шейшемби, 17:41

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда Судьяларды тандоо боюнча кеңештин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, кеңештин ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Жээнбеков судьялар үчүн тандоо сынагынын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи.

Ал белгилегендей, сот-укуктук реформанын башында адамдык фактор турат. Буга байланыштуу судьялык кызматка бош орундарга талапкерлерди кароодо талапкерлердин кесипкөйлүгүнө гана эмес, алардын адеп-ахлагына, ыймандуулугуна да көңүл бурууга чакырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле айрым тоскоолдуктарды алып салуу максатында судьяларды тандоо процессин жөнгө салуучу мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду.

Жээнбеков катуу талаптар Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына дагы коюлуп жатканын кошумчалады, анын ишмердигинин толук ачыктыгын камсыздап, бардык мүмкүн болгон коррупциялык коркунучтарды жокко чыгаруу зарыл.

Барыктабасова Мамлекет башчысына сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында Кеңештин ишмердиги, аткарылган жумуштардын натыйжалуулугу жана келечек пландар жөнүндө маалымат берди.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын декабрынан баштап, 2019-жылдын сентябрына чейин президенттин кароосуна киргизилген 171 судьялык кызматына талапкерлердин ичинен 63 судьянын талапкерлиги негиздүү себептер менен четке кагылып, Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарылып берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты