Өлкө боюнча 1564 объект интернетке туташтырылды

Өлкө боюнча 1564 объект интернетке туташтырылды
11-Сен. 2019, Шаршемби, 10:06

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында «Кыргызтелеком» ААК мектептерди, айыл өкмөттөрдү, медициналык мекемелерди, почталык байланыш бөлүмдөрдү Интернет түйүнүнө кошуу үчүн була-оптикалык кабель тартуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда 660 мектеп Интернет түйүнүнө туташтырылды.

Санариптешүүнүн алкагында өлкөдөгү аймактык медициналык мекемелер бүткүл дүйнөлүк маалыматтык түйүнгө жеткиликтүү болот. Бүгүнкү күндө 643 медициналык мекеме кошулду. Бул дарыгерге электрондук түрдө жазылуу, так диагноз коюу үчүн анамнезди берүү (оорунун тарыхы жөнүндө маалымат, бейтаптын жашоо шарты, кандай илдет менен ооругандыгы ж.б.у.с,) жеринде жаш медициналык кызматкерлер арасында семинарларды уюштурууну шарттайт. Жылдын аягына чейин 900гө жакын медициналык мекемени Интернет түйүнүнө туташтыруу пландалды.

Интернетке 292 айыл өкмөтү кошулду, жыл аягына чейин дагы 161 айыл өкмөт туташтырылат.

«Кыргызтелеком» ААК Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн була-оптикалык байланыш линиялары боюнча Интернет түйүнүнө төмөнкүлөр кошулду:

- Башкы прокуратуранын 71 аймактык түйүнү;

- Ички иштер министрлигинин 113 пункту;

- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 28 түйүнү;

- Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин 176 пункту, аскер комиссариатынын 56 түйүнүн кошкондо;

- Жогорку сотуна караштуу Сот департаменттин 115 аймактык пункту:

- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын 20 түйүнү.

Учурда ИИМдин алыскы аймактардагы 10 аймактык пунктун Интернетке туташтыруудагы техникалык мүмкүнчүлүктөрүн издөө боюнча жумуштар жасалууда. Ошондой эле ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармылыгы маанилүү делген постторуна видеокамераларды орнотууга негиз боло турган 32 түйүндү Интернетке туташтыруу боюнча жумуштар жасалууда.

Кыргызтелеком Салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүн, Улуттук статистика комитетинин, Социалдык фондунун, ADSLден була-оптикалык кабелге которуу боюнча жумуштарды жасап жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын жана Мамлекеттик бажы кызматынын 5 көзөмөл – өткөрүү пунктун була-оптикалык кабель боюнча Интернетке туташтыруу иштери жүрүп жатат.

Кыргызтелеком жыл аягына чейин 402 почталык байланыш бөлүмүн була-оптикалык кабель боюнча Интернетке туташтырууну пландап жатат. Почталык болүмдөрдү Интернет менен камсыз кылуу аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кызмат көрсөтүүсүнүн кулачы кеңейет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты