Өмүрбекова: "Стадионду иретке келтирүү керек!"

Өмүрбекова:
11-Сен. 2019, Шаршемби, 12:02

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2022-жылы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандоо туру өтө турган Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өмүрбекованын айтымында, күйөрмандар футбол боюнча Улуттук кураманын тандоо турундагы оюндарын чыдамсыздык менен күтүүдө.

«Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо туруна атаандаш командалар гана эмес, алардын күйөрмандары, эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да келет. Ошондуктан стадионду иретке келтирүү керек», – деди вице-премьер-министр.

Ал мындан бир нече жыл мурда Кыргызстан менен Австралиянын курама командаларынын Бишкекте өткөн беттешинде күйөрмандар бир топ уу-дуу болгонун эске салып, бул жолу ошондой кырдаал кайталанышы ыктымал экенин айтты. Өмүрбекова футбол болуп жаткан учурда тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Вице-премьер-министр тиешелүү кызматкерлерге зарыл болгон чараларды кабыл алууну жана аренаны даярдоо тапшырмасын берди.

Эскерте кетсек, 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун квалификациялык раундунда Кыргызстандын Улуттук курама командасы F тайпасына Япониянын, Тажикстандын, Монголиянын жана Мьянманын командалары менен туш келди. Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү Катар мамлекетинде 2022-жылы өтөт

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Масалиев: Төраганы кызматынан чакыртып алууну фракцияга сунуштадым
Масалиев: Төраганы кызматынан чакыртып алууну фракцияга сунуштадым
Эл өкүлү  Жанар Акаев 33 жашка чыкты
Эл өкүлү Жанар Акаев 33 жашка чыкты
Ырчы Омар Москвада концерт берет
Ырчы Омар Москвада концерт берет
Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!
Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!
Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда
Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда
Бек Борбиев
Бек Борбиев "Жаңы жыл жакшы ыр менен" аттуу концертин тартуулайт
Айпери Кубик кызы жолдошунун сүрөтүн жарыялады
Айпери Кубик кызы жолдошунун сүрөтүн жарыялады
УКМК: ​Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчыс​ы кармалды
УКМК: ​Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчыс​ы кармалды
Жарандыкка байланышкан талаштуу мыйзам чыкты
Жарандыкка байланышкан талаштуу мыйзам чыкты
NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү
NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү
Айдарбеков: Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда 7 макулдашууга кол коюлду
Айдарбеков: Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда 7 макулдашууга кол коюлду
Улуу Британияда Консервативдик партия жеңишке жетти
Улуу Британияда Консервативдик партия жеңишке жетти
Түштүктө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
Түштүктө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
​Орусиянын бардык клубдары Европа кубогунан ыргыды
​Орусиянын бардык клубдары Европа кубогунан ыргыды
Кыргызстанда төлөм карталарынын саны 2.8 миллиондон ашты
Кыргызстанда төлөм карталарынын саны 2.8 миллиондон ашты
Он бир айда эл аралык резерв 2 млрд долларга жетти
Он бир айда эл аралык резерв 2 млрд долларга жетти