Калктын аярлуу катмары үчүн турак жай фондун түзүү маселеси каралууда

Калктын аярлуу катмары үчүн турак жай фондун түзүү маселеси каралууда
12-Сен. 2019, Бейшемби, 10:23

Өкмөт калктын аярлуу катмары үчүн адистештирилген турак жай фондун түзүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди, жетим балдар, жатак мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу маселеси турат.

"Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу мамлекеттик адистештирилген турак жай фондуна турак жайларды берүү боюнча жобонун долбоору даярдалган.

Жобого ылайык турак жайларды адистештирилген турак жай фондуна өткөрүп берүүнүн мехнанизми каралган. Анда жарандарга турак жайды берүү боюнча каттоо жана өткөрүп берүү тартиби, аны колдонуунун шарттары, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн регламенти каралган",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өкмөттүн билдирген маалыматы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн алдын ала эсеп боюнча мамлекеттик бюджеттен кошумча 20 млрд сом табуу керектелинет.

Эскерте кетсек, балдардын укугу жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Конвенциясын жана Майыптардын укуктары тууралуу БУУнун Конвенциясын ратификациялоо менен, Кыргызстан балдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бардык укуктарын, анын ичинен турак жайга болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу милдетин алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши  дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
Франция эми имамдарды кабыл албайт
Франция эми имамдарды кабыл албайт