Антикоррупциялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Антикоррупциялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү
12-Сен. 2019, Бейшемби, 11:06

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр белгилегендей, Антикоррупциялык кеңеш жарандар жана бизнес ак ниет менен иштебеген мамлекеттик кызматкерлер тараптан, ашыкча жөнгө салуучу тоскоолдуктардан жана айрым мыйзам актыларынын кемчилдиктеринен сезген көйгөйлөрдүн белгилерин талкуулоо боюнча түз диалог үчүн туруктуу иштеген аянтча болушу керек. Ошондой эле бул кеңеш көрсөтүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жакшы аянт катары кызмат өтөйт.

«Коррупция менен күрөшүү саясатында мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулук принцибин камсыз кылуу жана коррупцияга каршы туруу, алдын алуу боюнча маселеде жарандык коом менен тыгыз кызматташууну күчөтүү Өкмөттүн негизги багыттарынан. Буга байланыштуу Өкмөт «Ачык Өкмөткө» (OGP) өнөктөш болууда», – деп белгилеген премьер-министр, Өкмөт коомдук институттар менен коомдогу бардык маселелерди биргеликте жана ачык анализдөөгө конструктивдүү диалогго даярдыгын кошумчалады.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты