Мамлекеттик сыйлыктарга тиешелүү жарлыкка кол коюлду

Мамлекеттик сыйлыктарга тиешелүү жарлыкка кол коюлду
12-Сен. 2019, Бейшемби, 12:11

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрла президенттик апараттан маалымдашты.

«Мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» мыйзамга ылайык токтом кылынат:

  1. Мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу жана сыйлоо жөнүндө президенттин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Президенттин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

− 1-пунктунда:

экинчи, жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;

үчүнчү-алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"−"Ак Шумкар» өзгөчө белгисинин сүрөттөлүшү (тиркелет);

— «Манас», «Баатыр эне» ордендеринин сүрөттөлүштөрү (тиркелет);

— «Эрдик», «Даңк», «Эне даңкы» медалдарынын сүрөттөлүштөрү (тиркелет);

— Ардак наамга төш белгинин сыпаттамасы (тиркелет)»;

— Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын;

— «КРнын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын;

— «Манас», «Баатыр эне» ордендеринин статусттары күчүн жоготту деп табылсын;

— «Эрдик», «Даңк», «Эне даңкы» медалдары жөнүндө жоболор күчүн жоготту деп табылсын;

— Ардактуу наамдар жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын;

— Ардак грамота жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын.

  1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

— Президенттин 1997-жылдын 7-июнундагы № 166 «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» президенттин 1996-жылдын 10-июлундагы Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Указынын 2-пункту;

— Президенттин 1999-жылдын 24-ноябрындагы № 300 «Данакер» ордени жөнүндө» Указынын 1-пункту;

— Президенттин 2001-жылдын 29-июлундагы № 235 «Президенттин 1996-жылдын 10-июлундагы «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү» Указына толуктоо киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;

— Президенттин 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 169 «Президенттин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;

— Президенттин 2008-жылдын 4-февралындагы № 60 «Президенттин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;

— Президенттин 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 «Президенттин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;

— Президенттин 2016-жылдын 3-октябрындагы № 203 «Президенттин 1996-жылдын 10-июлундагы «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Жарлыгы.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты