Милиция кызматкери Бапышовго коюлган айыпка жактоочу өз пикирин айтты

Милиция кызматкери Бапышовго коюлган айыпка жактоочу өз пикирин айтты
12-Сен. 2019, Бейшемби, 14:33

Бишкекте 28-августта үч кишини аёосуз сабаганга шектүү катары кармалган эки жарандын бир тууганы Казыбек Бапышов учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу тергөө жайында кармалууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Бишкекте болгон маалымат жыйынында анын жактоочусу Динара Медетова билдирди.

Жактоочунун пикиринде, учурда айыпталуучуга коюлган күнөө мыйзамсыз болуп эсептелет.

"Милициянын улук ыкчам иликтөөчүсү Казыбек Бапышовдин камалышы Конституциянын нормаларын бузуп жатат. Анын укуктары корголбой калууда. Анткени ошол окуя катталган күнү эки инисин (ред. Жаныбек Бапышов, Калыс Сейитбеков) милицияга жеткирип берген. Ал экөөнү жашырып койсо деле болот эле. Ошого карабай учурда жөндөн-жөн кармалып жоопкерчиликке тартылып жатат. Бул жерде мен киши сабаган Сеитбеков менен Бапышовду актап жаткан жокмун, алар милдеттүү түрдө өз жазалардын алат. Айта кетчү дагы бир жагдай, айрым Жалпыга маалымдоо каражаттары окуяны бир тараптуу берип жаткандыгында. Бул өкүнүчтүү", - деп баса белгиледи жактоочу журналисттерге.

Эскерте кетсек, 28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында Калыс Сеитбеков жана Жаныбек Бапышов тарабынан У. Белеков жана А. Молдожиев аттуу эки жаран катуу токмоктолгон.

Бул ишке күнөөлөнүп жаткандардын бир тууганы, Чүй ОИИБдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери Казыбек Бапышев 10-сентябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ал Жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кылмышты жаап-жашыруу" беренси менен айыпталууда.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады