Абжапарова: "Ипотекалык насыяны 6 пайыз менен берүү пландаштырылууда"

Абжапарова:
12-Сен. 2019, Бейшемби, 17:32

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» (МИК) ААК башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарованы кабыл алып, мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо системасын жакшыртуу боюнча чараларды талкуулашты.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, президент МИК астында өлкө жарандарынын төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүн арттыруу боюнча милдет турганын эске салып, пайыздык ченди төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Абжапарова бүгүнкү күндө МИК бюджеттик финансылык көз карандысыздыктан акырындык менен чыгуу үчүн донорлук каражаттарды тартуу активдүү колго алынып жатканын жана бул багытта эл аралык каржы институттары менен активдүү иштер жүргүзүлүп, жакынкы убакта «KFW» немец банкынын гранттык каражаттары иштетиле баштаарын маалымдады.

Пайыздык ченди төмөндөтүү маселеси боюнча МИК башчысы компания жакынкы убакта ипотекалык насыяны 6 пайыз менен берүү пландаштырылып жатканын маалымдады. Ошондой эле ал берилген насыялардын пайыздык ченин 7 пайызга чейин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө МИК 5 млрд сомго жакын суммага 4 миңден ашуун ипотекалык насыяларды берген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши  дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
Франция эми имамдарды кабыл албайт
Франция эми имамдарды кабыл албайт