Аскер кызматкерин унаа сүзүп, каза тапты

19-Май 2017, Жума

Жалал-Абад облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде болгон кырсыктан улам аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлеринин командачылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 18-майда болгон. Анда аскер бөлүгүндөгү техникаларды тейлөөчү жайдан А.Т аттуу катардагы жоокер байкабастан келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан Т.М. аттуу аскер кызматкерин унаа менен сүзүп алган. Жабырлануучу Майлуу-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Бирок аскер кызматкеринин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Учурда бул факт Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасына билдирилип, ички тергөө иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!