Бала бакчанын чатырын шамал учуруп кетти

19-Май 2017, Жума

Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагында 18-май күнү саат 17:32 чамаларында ылдамдыгы секундасына 18-22 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен Миң-Куш айылындагы спорт залдын жана «Байчечекей» балдар бакчасынын чатырын зыянга учурады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, катуу шамал Кабак айыл аймагынын Кызыл–Коргон айылындагы айрым короо-сарайлардын чатырларын бузуп, учуруп кеткен.

Райондук Жарандык комиссиясы 18-май күнү райондук жана айыл аймактын жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте жер-жерлерде тактоо жана изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!