Финпол бирдиктүү эсепке 11 млн сомдон ашуун каражат которду

Финпол бирдиктүү эсепке 11 млн сомдон ашуун каражат которду
16-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 16:34

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 11 миллион 929 миң 681 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Өкмөттүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

"Азыркы убакта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта “Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин, ошондой эле президенттин Өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тезистерин ишке ашыруу боюнча тиийштүү чараларды көрүү уланып жатат",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 807 миллион 418 миң 287 сомду түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот