Ымыркайды сатып жибергендер кармалды

19-Май 2017, Жума

Бишкекте кичинекей наристени сатууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы К.А. аттуу тургуну арыз менен Свердлов РИИБге кайрылган. Ал арызында 12-май күнү Гоголь жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишинде чала таанышы Назира жана белгисиз эки аял 3 айлык ымыркайды 10 миң сомго сатып жиберишкенин билдирген.

Бул факты боюнча Бишкек ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 40 жаштагы жана 35 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургундары жана 26 жаштагы Чүй облусунун (ымыркайды сатып алган) тургуну кармалган

Кармалгандар Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Ал эми 3 айлык ымыркай соттун чечимине чейин Бишкек шаарындагы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!