Кой-Таш окуясы боюнча мамкомиссия жашыруун маалыматтар менен таанышты

Кой-Таш окуясы боюнча мамкомиссия жашыруун маалыматтар менен таанышты
18-Сен. 2019, Шаршемби, 15:39

7-8-августта Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын имаратында көчмө жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтарды тааныштырды.

Мамкомиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевди, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди чакыруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн операция учурунда «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековго ок тийип, ал алган жаракатынан улам каза болгон. Ошондой эле «Альфанын» алты жоокери барымтага алынган. 8-август күнү Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң мурунку президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн колго түшүп берген. Ага бир нече оор беренелер менен айып тагылып жатат.

Бирок ал өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин билдирип, тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып келет.

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө тиешелүү чечимге 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул мамкоссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Ал эми ушул эле окуяны Кой-Таш айылынын тургундардын кайрылуулары боюнча Акыйкатчынын карамагында комиссия иликтейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот