Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды

Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды
20-Сен. 2019, Жума, 13:00

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэриясына Ички иштер министрлиги жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте борбордук көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды ыкчам көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда өкмөттүнт басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы вице-премьер-министри Жеңиш Разаковго бул маселени ыкчам чечүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.

Премьер-министрдин айтымында, унаа айдоочулар жана шаардыктар үчүн жол иштерине байланыштуу ыңгайсыздыктарды азайтуу зарыл. Мындай маселелерди создуктурууга жол бербөө керек жана зарыл шартта шаардыктардын жана калаа меймандарынын кызыкчыгында бир жактуу көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу мүмкүндүгүн карап чыгуу абзел. Мындай чараларды курулуш иштерин баштаганга чейин ойлонуу кажет.

Өкмөт башчы белгилегендей, борбор шаардын көчөлөрүнүн көп бөлүгүндө кыймылдын жыштыгы бүгүнкү күнү алардын өткөрүү жөндөмүнө дал келбейт. Ошону менен бирге оңдоо иштерин жүргүзүү жол кыймылына түз таасирин тийгизип, айрым көйгөйлүү көчөлөрдө унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келет.

Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген күндөн тартып, борбордо бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген, ыңгайлуу жана ойлонулган жол-транспорттук тутумду камсыздоо керектигин баса белгилеп келет.

Буга байланыштуу премьер-министр жолдорду реконструкциялоо жана курууда жаңы ыкмаларды киргизүү менен катар оптималдуу архитектуралык-пландаштыруу жана технологиялык чечимдерди пайдалануу маселелерин терең карап чыгууга кайрадан кайтууну тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот