Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды

Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
20-Сен. 2019, Жума, 15:32

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында Өкмөттүн экономика тармактарын жана калкты 2019/2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маалыматы угулуп жатканда, бир катар депутаттар жылуулук берүүгө даярдык көрүү жаатында кайсы маселелер боюнча графиктен артта калуулар бар экенине кызыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, кышка даярдык көрүү иштеринин баары алдынала белгиленген график боюнча жүрүүдө. «Бир гана Ош ЖЭБине 15 миӊ тонна мазут сатып алууга тендер өткөрүлө элек. Жакын арада тендер өтөт. Азырынча 4 миӊ тонна мазут бар», - деди ал.

Депутат Кожобек Рыспаев Бишкек ЖЭБине шабыркүл көмүрүн сатып алууга жарыяланган тендердин жеӊүүчүсү аныкталган-аныкталбаганына кызыкты.

«Тендерде кайсы компания жеӊди, деги, анын аты-жөнү барбы? Эгерде суу агымы быйылкыдай аз болсо, келерки жылы суу тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, азыртан суу камын көрө башташ керек», - деди ал.

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров майнинг компаниялары менен биткоинге уруксат берилген-берилбегенин тактады. «Мындай компаниялар өтө көп экен, тийиштүү чара көрбөйсүӊөрбү», - деп кошумчалады ал.

Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айтмамат Назаров мыйзамда «майнинг» деген түшүнүктүн жок экенин билдирди.

«Биз электр энергиясын атайын майнинг компаниялары үчүн бербейбиз. Кыргызстанда электр энергиясы арзан, ошондон улам майнинг компаниялары келип жатат. Жакында 136 МВт электр энергиясын пайдаланган ушундай 45 компания жабылды. Алар үч облустун керектөөсүнө ашык энергия коротот экен», - деген жообун берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот