Катуу шамалдан улам Ысык-Көл дубаны жарыксыз калды

19-Май 2017, Жума

Ысык–Көл облусунда болгон катуу шамалдан улам көптөгөн бактардын бутактары электр энергиясын өткөрүүчү линияларына кулап, чубалгылар үзүлүп, бүтүндөй аймак боюнча электр энергиясы авариялык өчүрүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган облустун бир катар аймактарда электр чубалгыларын “Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун кызматкерлери калыбына келтиришкен.

“Ошондой эле учурда Ак-Суу районунун Чолпон жана Жылдыз айылдарында, Жети-Өгүздүн, Түптүн бир катар айылдарында жарык жок. Караколдо бүгүн жарыкты калыбына келтиришет”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!