Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты

Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
20-Сен. 2019, Жума, 18:12

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда Россиянын Оренбург облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Кыргызстан жана Россиянын эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы, актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.

Путин өлкөлөрдүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыгы уланып жатканын белгиледи. Ийгиликтүү өнүгүп жаткан экономикалык кызматташтыкка көңүл бурулууда — 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча товар айлантуунун өсүүсү 17 пайызды түзүп, 2019-жылы дагы өсүп жатат.

Ал Россиянын жана Кыргызстандын аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы дагы жакшы жагынан уланып жатканын кошумчалады.

Путин «Борбор-2019» биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык машыгуулар кандай болбосун күтүүсүз кырдаалдарга туруштук берүү учурунда, анын ичинде терроризм менен күрөшүүдө дагы өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн даярдыгынын абдан маанилүү баскычы болуп саналарын белгиледи.

Жээнбеков Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, «Борбор-2019» аскердик машыгуулардын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, эки өлкөнүн аскердик топтору эки жана көп тараптуу форматта активдүү кызматташып жатканын канааттануу менен баса белгиледи.

Жээнбеков Кыргызстан Россиянын ишенимдүү союздашы жана өнөктөшү экенин дагы бир жолу баса белгилеп, Россия менен кызматташтыктын бардык багыттары боюнча буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну артыкчылыктуу багыт катары атады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот