Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат

Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
21-Сен. 2019, Ишемби, 11:24

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кечээ, 20-сентябрда Бишкекте борбор калаанын көчөлөрүн оңдоо учурунда жол кыймылын оптималдаштыруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-премьер-министрдин айтымында, Өкмөт башчынын тапшырмасын аткаруу максатында жол кыймылынын убактылуу каттамдарын аныктоо жана шаардыктардын жана калаа меймандарынын кызыкчыгында бир жактуу көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу иштерин ыкчам түрдө жүргүзүү зарыл. Мындан тышкары унаалар жыш жерлерде борбордук көчөлөрдү оңдоодон улам түзүлгөн ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн жол кыймылын жөнгө салуунун жана өз убагында мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү шаардагы жол кыймылынын жагдайы тууралуу маалымат беришип, келип чыккан маселелерди чечүүнүн бир катар чараларын сунушташты. Анын ичинде Токтогул көчөсү боюнча тиешелүү жол белгилерин, анын ичинде бул көчөдө унаа токтотууга тыюу салган белгини орнотуу менен убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу сунушталды.

Разаков тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнгө салынган жана ыкчам иштерди камсыздоого тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев борбордук көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды ыкчам көрүүнү тапшырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот