Кичи автобус жаш кызды коюп кетти

Кичи автобус жаш кызды коюп кетти
22-Май 2017, Дүйшөмбү

Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган №220 каттамдагы кичи автобус 20 жаштагы кызды коюп кеткен. Кыз ошол жерден жан берген. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 20-май күнү түштөн кийин Кызыл-Аскердеги Ден Сяопин менен Месароша көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 1997-жылы туулган кыз жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон өтүп бара жаткан кезде аталган кичи автобус сүзгөн.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!