“Акыркы коңгуроодо" көзөмөл күчөтүлөт

22-Май 2017, Дүйшөмбү

Өспүрүм бүтүрүүчүлөр үчүн “Акыркы коңгуроо” жашоосунун акыркы күнү болуп калбашы керек. Бул тууралуу Ички иштер министрлигенен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБ мектептердеги «Акыркы коңгуроо» салтанаттары учурунда коомдук коопсуздукту кѳзѳмѳлдѳѳнү күчѳтѳт. Аталган башкармалыктык буйругуна ылайык, шаардагы «Акыркы конгуроо» салтанаттарынын учурунда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иш-чаралар күчѳтүлѳт. Анын негизги максаты билим берүү мекемелеринде бул күнү ѳтѳ турган иш-чаралардын маалында кандайдыр бир укук бузуулардын, кырсыктардын алдын алуу болуп саналат. Бул күндѳрү:

-Шаардагы бардык мектептерге милиция кызматкерлери бөлүнүп, алар күчѳтүлгѳн тартипте кызмат ѳтѳшѳт;

-Шаардын ар бир кичи районуна Ош ШИИБнын жетекчилик курамынан жооптуу кызматкерлер дайындалат;

-Катталган укук бузууларды, мыйзамсыз иш-аракеттерди видео, аудио тасмага тартуучу топтор түзүлѳт;

-Шаардагы эс алуучу жайларды, коомдук тамактануучу жайларды жана шаардан сырткары эс алуучу жайларды кѳзѳмѳлгѳ алуучу мобилдик топтор түзүлѳт, билим берүү министрлигинин буйруктарын аткарбаган окуучулар (балким мугалимдер болсо дагы) болсо, видеотасмага тартылат, жетекчилигине кабар берилет, мыйзам чегинде чаралар кѳрүлѳт;

-Калкка кызмат кѳрсѳткѳн кымбат баалуу автомашиналардын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүрүзүлѳт;

-Бардык мектептерде милиция, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулардын катышуусунда жыйындар ѳткѳрүлүп, аларга «акыркы коңгуроо» салтанаттарын мыйзам чегинде ѳткѳрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлѳт;

-Коомдук тартипти бузган окуучуларга жол эрежелерин бузган айдоочуларга мыйзам чегинде жаза берилет;

“Ошондой эле Ош шаарынын аймагында мугалимдер менен милиция кызматкерлеринин биргелешкен алдын алуу аракетинен улам, «акыркы коңгуроо» иш чаралары учурунда акыркы 3-4-жылдары шаар аймагында кандайдыр бир кырсыктар менен кылмыштар катталган жок. Кырсыктын алдын алуу-жалпыбыздын колубузда. «Жаман айтпай-жакшы жок» Андыктан,

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!”,- деп айтылат маалыматта.

Фото: Sputnik

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!