Троллейбус жөө жүргүнчүнү сүзүп алды

Троллейбус жөө жүргүнчүнү сүзүп алды
23-Май 2017, Шейшемби

Бишкекте троллейбустун айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүздү. Бул тууралуу Патрулдук милициядан билдиришти.

Маалымка караганда, кырсык кечээ, 22-майда Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндөгү Опера жана балет театрынын маңдайында болгон. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон өтүп бара жаткан адамды №4 каттамдагы троллейбус сүзгөн.

"Жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Ал эми троллейбустун айдоочусуна карата протокол түзүлүп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!