Жыпаркүл Сариева: "Батирге Белектин жалаң жакшылыктары өтсүн деп күтүп жатабыз" (видео)

Жыпаркүл Сариева:
8-Окт. 2019, Шейшемби, 12:01

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин ата-энеси “KG Групп” курулуш компаниясы белек кылган батирге кирип жаткандыгын айтып, компаниянын жетекчиси Имамидин Ташовго ыраазычылык билдирди.

“Белек (ред. Улан Эгизбаевдин уулу) бирге чыкты. Батирге Белектин жалаң жакшылыктары өтсүн деп күтүп жатабыз” – деди Улан Эгизбаевдин апасы Жыпарүл Сариева.

Ал эми “KG Групптун” президенти Имамидин Ташов Улан Эгизбаевдин элеси түбөлүккө сакталып калаарын айтып: “Биз берген батирде Белектин жалаң ак тойлоруна күбө болуңуздар!” – деген тилегин каалады.

“Өксүткөн чоң жоготууга жүрөк канап, канча көз жаш төгүлдү. Сабыр айтуудан башка колубуздан эч нерсе келбейт экен. Уландан калган туяк Белегиңиздер бар. Өмүр улай турган небереңиздер менен көп жакшылыктарды көрүңүздөр. Биз берген батирде Белектин жалаң ак тойлоруна күбө болуңуздар деген тилегимди чын жүрөктөн сиздерге айткым келди”

Коомчулукта резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган “Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.

Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетин аяктаган. 2012-2013-жылдары "Жаңы агым” гезитинде кабарчы болуп, 2013-жылдан тартып, "Азаттык медиа" мекемесине ишке орношкон. 2015-жылы БГУда саясат таануу багыты боюнча магистратураны бүтүргөн. Улан Эгизбаев 28 жашында Ысык-Көлдө көз жумган. Артында ата-энеси, жубайы жана бир уулу калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Жапония курамы Ак шумкарларды 2:0 эсеби менен жеңди
​Жапония курамы Ак шумкарларды 2:0 эсеби менен жеңди
Президент балет бийчилери менен жолугушту
Президент балет бийчилери менен жолугушту
“Кыргыздын Баскову” Чырмаш Төрөбеков ыр кечеге чакырат
“Кыргыздын Баскову” Чырмаш Төрөбеков ыр кечеге чакырат
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Шайлоодо административдик ресурс колдонулбаш керек"
Мээсине ийне сайылып калган үч жашар кыз аман калды
Мээсине ийне сайылып калган үч жашар кыз аман калды
Марста жашоо барбы?
Марста жашоо барбы?
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
"Шумкар" атайын багыттагы полку жарандарды жумушка чакырат
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Златан Ибрагимович
Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти