Өкмөт жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлерге кандай тыюуларды салды?

Өкмөт жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлерге кандай тыюуларды салды?
8-Окт. 2019, Шейшемби, 12:51

Жол коопсуздугун камсыз кылган кызмат адамдары функцияларына туура келбеген бир катар милдеттерди аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Ага ылайык, ички иштер тармагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери транспорт каражаттарынын айдоочуларынан төмөндөгүлөрдү текшерүүгө укугу жок:

- IV топтогу мүлккө (транспорт каражаттарына) салыктын төлөнгөнүн тастыктаган же аны төлөөдөн бошотулганын күбөлөндүргөн документти;
- транспорт каражаты менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча ишкерлик кылса, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк же ыктыярдуу патент же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;
- кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү ташууда төлөм үчүн же жалдоо боюнча ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин.


Жол кыймылынын эрежелерине 12 жашка чейинки курактагы балдарды ташууга тыюу салган нормалар кошулду. Ага ылайык, төмөнкү жерлерде ташууга тыюу салынды:

- мотоциклдин арткы отургучунда;
- борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда;
- баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда. Балдарды карматуучу атайын түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды транспорт каражаттарын жана карматуучу түзүлүштөрдү пайдалануу боюнча колдонмолордун талаптарына ылайык жайгаштыруу керек.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди