Ашуровго абройлуу укук коргоочулук Нансен премиясы тапшырылды

Ашуровго абройлуу укук коргоочулук Нансен премиясы тапшырылды
8-Окт. 2019, Шейшемби, 15:46

Кечээ, 7-октябрда Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун эң абройлуу Нансен сыйлыгын Кыргызстандын жараны Азизбек Ашуровго берүү аземи болуп өттү.

Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, аземде Нансен Комитети Ашуровдун ишмердүүлүгүн жана жарансыздыкты жок кылуу ишинде ал негиздеген «Юристы Ферганской долины без границ» уюмун жогору баалады жана мындай жыйынтыктарга жетишүү бул мамлекет менен жарандык коомдун ийгиликтүү кызматташуусунун жарык үлгүсү болуп саналаарын баса белгиледи.


БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссары Ф.Гранди Кыргызстандын жарандык берүүнү камсыз кылган мамлекеттик органдарынын ишин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу, аталган салтанаттуу иш-чарага катышкан Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековго жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Мамбетовго ыраазычылык билдирилди.

Айта кетсек, Нансен премиясы - Качкындар иштери боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын жыл сайын берилүүчү укук коргоочулук премиясы, ал качкындардын укугун коргоо жаатындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылат. Бул премия норвегиялык полярдык изилдөөчү, Качкындар боюнча улуттар лигасынын Башкы Комиссары, дуйнөлүк Нобел сыйлыгынын лауреаты Фритбоф Нансендин урматына аталган. Сыйлык 1954-жылы түзүлгөн. Нансен комитети түзүлүп, ал кандидаттарды тандоо иши менен алектене баштаган. Биринчи жолу Нансен сыйлыгы 1995-жылы тапшырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди